Жогорку Кеңешке талапкерлер жана жаран үгүт эрежелерин бузганы үчүн айыпка жыгылды
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон эки адамга жана бир жаранга административдик айып пул салынганын билдирди.
Маалыматка ылайык:
- №3 шайлоо округунан талапкер Жаныбек Аматов 20 миң сом айыпка жыгылды. Ал мечит аймагында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп, шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган.
- №8 шайлоо округунан талапкер Бакыт Тентишев 7 500 сом айып пул алды. Ал социалдык тармактагы баракчасына үгүт эрежелерине каршы келген материалдарды жайгаштырган.
- Ошондой эле Асыл Кожомкулова аттуу жаран 12 500 сом айыпка жыгылды. Ал Facebook баракчасында талапкер Кубанычбек Самаковдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды жарыялаганы үчүн жазаланды.
БШК үгүт иштери мыйзам чегинде жүрүшү керектигин эскертти жана мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн билдирди.