Жарнама

Жогорку Кеңешке талапкерлер жана жаран үгүт эрежелерин бузганы үчүн айыпка жыгылды

28.11.25 | 16:07
Жогорку Кеңешке талапкерлер жана жаран үгүт эрежелерин бузганы үчүн айыпка жыгылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон эки адамга жана бир жаранга административдик айып пул салынганын билдирди.

Маалыматка ылайык:

- №3 шайлоо округунан талапкер Жаныбек Аматов 20 миң сом айыпка жыгылды. Ал мечит аймагында шайлоочулар менен жолугушуу өткөрүп, шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузган.

- №8 шайлоо округунан талапкер Бакыт Тентишев 7 500 сом айып пул алды. Ал социалдык тармактагы баракчасына үгүт эрежелерине каршы келген материалдарды жайгаштырган.

- Ошондой эле Асыл Кожомкулова аттуу жаран 12 500 сом айыпка жыгылды. Ал Facebook баракчасында талапкер Кубанычбек Самаковдун ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды жарыялаганы үчүн жазаланды.

БШК үгүт иштери мыйзам чегинде жүрүшү керектигин эскертти жана мыйзам бузгандарга чара көрүлөрүн билдирди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча