Бишкекте дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт
28.11.25 | 16:21
Бишкек шаарында ишемби жана жекшемби күндөрү айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Министрликтин билдиришинче, жарманке 2026-жылдын июнь айына чейин ар дем алыш сайын уюштурулуп турат. Максат – азык-түлүк товарларынын социалдык маанилүү түрлөрүнүн баасын туруктуу кармоо жана калктын социалдык аярлуу катмары үчүн азыктардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
Жарманкелер төмөнкү жайларда өтөт:
-Турдакун Усубалиев атындагы аянтта
- Исхак Раззаков, Абдымомунов жана Эркиндик бульварынын кесилиштеринде
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылсаңыз болот:
(0312) 66-14-22, 0702 70 20 00.
Редактор
Редактор
Поделиться: