БШК: Добуш берүү күнү 67 арыз түшүп, шайлоо жабдуулары кынтыксыз иштеди
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо кампаниясы башталгандан бери мыйзамдардын бузулушу мүмкүн болгон фактылар тууралуу 269 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров түз эфирдеги брифингде билдирди.
Алардын ичинен:
- үгүт шарттарын бузуу жөнүндө – 124,
- талапкердин кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды таратуу - 37,
- административдик ресурсту колдонуу - 8,
- шайлоочулардын добушун сатып алуу ыктымалдыгы жөнүндө – 46,
- башка бузуулар – 54.
Ал эми кечээ, 30-ноябрь добуш берүү күнү 67 арыз-билдирүү келип түштү, алардын - 28и үгүт шартын бузгандыгы тууралуу, 18 - добуш сатып алуу аракети, 4- техникалык бузуулар тууралуу, 17 – башка бузуулар.
Төрага күнү бою техникалык бузууулар тууралуу 4 гана арыз түшкөнүн айтып, шайлоо жабдуулары кынтыксыз иштегенин баса белгиледи. БШКга келип түшкөн арыз-билдирүүлөр бардыгы мыйзам алкагында каралганын айтты.