Жарнама

Кыргызстанда онлайн добуш берүү системасы киргизилет — президент Садыр Жапаров

01.12.25 | 19:45
Кыргызстанда онлайн добуш берүү системасы киргизилет — президент Садыр Жапаров КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Президент Садыр Жапаров келечектеги парламенттик шайлоодо онлайн добуш берүү системасын киргизүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал эл аралык байкоочулар менен болгон жолугушууда айтып, маалыматты "Кабар" агенттиги жарыялады.

Өлкө башчы шайлоо мажоритардык система менен таза жана ачык өткөнүн белгилеп, талапкерлер элге өз программаларын эркин жеткирүүгө мүмкүнчүлүк алганын кошумчалады.

"Биз кийинки шайлоолордо онлайн түрдө добуш берүүнү пландап жатабыз. Бул ыкма шайлоочулардын катышуусун 80 пайызга чейин көтөрүшү мүмкүн. Тилекке каршы, президенттик шайлоого чейин бул ыкманы колдонууга жетишпей калышыбыз мүмкүн. Бирок эмки парламенттик шайлоого чейин даярдап, ишке киргизүүнү көздөп жатабыз", — деди президент Жапаров.

Онлайн добуш берүү системасы ишке ашса, бул Кыргызстанда шайлоо процессин санариптештирүү жаатындагы маанилүү кадамдардын бири болмокчу.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча