Жогорку сот Курсан Асановдун иши боюнча мурдагы өкүмдөрдү күчүндө калтырды
Жогорку сот ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча акыркы чечимди чыгарды. Санарип сот порталындагы маалыматка ылайык, чечим 19-ноябрь күнү кабыл алынып, 1-декабрда жарыяланган.
Жогорку сот Асановдун иши боюнча биринчи жана экинчи инстанциялар чыгарган өкүмдөрдү күчүндө калтырды.
Эске салсак, 2023-жылдын 8-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту Курсан Асановго жана анын жакындарына байланыштуу ишти караган. Сот Асанов менен “Чындык” гезитинин редактору Турсунбек Бейшенбековду мурдагы вице-премьер-министр Жениш Разаков тууралуу жалган маалымат тараткан деп күнөөлүү деп тапкан. Бирок жоопкерчиликке тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза берилген эмес.
Ошондой эле:
- Кой-Таш окуясы (2019) боюнча Курсан Асанов толугу менен акталган;
- Анын уулу Мухаммед-Али Асанов жана айдоочусу Дайырбек Пайзылда уулу боюнча кылмыш курамы жок деп табылгандыктан, иш өндүрүштөн кыскартылган.
2023-жылдын 7-сентябрында Бишкек шаардык соту да ушул чечимди күчүндө калтырган.