Жарнама

Президент Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат

03.12.25 | 10:49
Президент Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бүгүн, 3-декабрда президент Садыр Жапаров Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында президент Пакистан тараптагы жетекчилер менен жолугушат:

- Премьер-министр Шахбаз Шариф,

- Президент Асиф Али Зардари,

- Улуттук ассамблеянын (Парламенттин төмөнкү палатасы) спикери Сардар Аяз Садик,

- Сенаттын (Парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Юсуф Реза Гелани.

Жолугушууларда тараптар эки жактуу кызматташтыктагы актуалдуу маселелерди, ошондой эле Кыргыз-Пакистан мамилелерин андан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат. Сапардын алкагында Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму да өтөт.

Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Пакистан ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Президенттин Пакистанга акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча