Бишкек жана Чүйдө бала бакчалар убактылуу жабылды, Ошто мектептер онлайн окууга өттү
Сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялардын күчөшү менен байланыштуу Бишкек шаарында 25, ал эми Чүй облусунда 40 бала бакча убактылуу жабылды. Бул тууралуу 2-декабрда сасык тумоо жана респиратордук инфекциялар боюнча эпидемиологиялык абалды талкуулоо боюнча ыкчам штабдын жыйынында айтылды.
Ош облусунда болсо беш мектеп онлайн окуу форматына өткөн.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ар кандай уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине санитардык эрежелерди сактоо боюнча көрсөтмөлөр жөнөтүлдү. Ошондой эле райондук администрацияларга, Агартуу министрлигине жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына каттар жөнөтүлгөн. Ири соода борборлоруна, маданий жана билим берүү мекемелерине алдын алуу чараларын күчөтүү боюнча эскертүүлөр берилди.
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин Инфекциялык ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Динара Оторбаева белгилегендей, эпидемиологиялык абал көзөмөлдө турат.
Эске салсак, өткөн жумада сасык тумоо жана респиратордук вирустук инфекциялардын көрсөткүчү мурунку жумага салыштырмалуу 2,5 эсеге көп катталган.