Бишкектин айрым аймактарында 4-декабрда суу өчүрүлөт
03.12.25 | 17:11
Бишкек шаарында эртең, 4-декабрда саат 10:00дөн 24:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Суу өчүрүлө турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектелет:
- Селекционное көчөсү
- Муромская көчөсү
- Биримдик көчөсү
- Жайыл Баатыр көчөсү
Маалыматка ылайык, аталган жерлерде суу түтүгүндө авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшөт.
«Бишкексууканал» ишканасы тургундардан кечирим сурап, мекемелерди жана калкты алдын ала ичүүчү суу менен камсыздоого чакырды.
Редактор
Редактор
Поделиться: