Жарнама

Токтогулда жаңы бетон заводу ачылды

03.12.25 | 17:31
Токтогулда жаңы бетон заводу ачылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагынын Күн тийбес тилкесинде жаңы бетон заводдун ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага район акими Акылбек Тюкебаев, заводдун башчысы Станислав Заяшников, райондук укук коргоо органдарынын жетекчилери, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жаңы завод “Астория Групп” ЖЧК тарабынан курулуп, курулуш иштери 2024-жылдын ноябрь айында башталган. Завод 2025-жылдын март айында тесттик режимде ишке кирип, 20 жаңы жумуш орунун түздү.

Заводдун түзүмү жана өндүрүш кубаттуулугу:

  • Таш майдалоо цехи – 1 саатта 200 тонна таш майдалоо
  • Бетон өндүрүү цехи – 1 саатта 160 куб метр бетон аралашмасы

Өндүрүлгөн продукция "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушуна жана жергиликтүү калкка сатууга чыгарылат.

Баалар:

  • Майдаланган таш – 1 тоннасы 720 сом
  • Кум – 1 тоннасы 850 сом
  • Бетон – 1 куб метри 6 500 сомдон 9 000 сомго чейин


Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча