Ошто Жаңы-Маала айылына көп кабаттуу үйлөр курулат
04.12.25 | 15:28
Ош шаарынын Жаңы-Маала (Лөлү маала) айылынын аймагына көп кабаттуу турак үйлөрдүн курулушу пландалууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жергиликтүү тургундар менен жолугушууда долбоор боюнча кенен маалымат берди.
Мэриянын билдирүүсүнө ылайык, келээрки жылдан тарта конуштагы бардык эски турак-жайлар бузулуп, алардын ордуна:
- жаңы көп кабаттуу үйлөр,
- жер үйлөр,
- мектеп,
- бала бакча,
- үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору,
- мечит,
- сквер курулат.
Мэр Токторбаев биринчи ирет 12 жылдык жаңы мектептин курулушу башталаарын жана анын орду толук даяр экенин кошумчалады.
Редактор
Редактор
Поделиться: