Жети манасчыга ак өргөөлөр расмий тапшырылды
04.12.25 | 17:08
Жеке ишкер Нургалы Асаналиев тарабынан 7 манасчыга деп даярдалган ак өргөөлөр өз ээлерине расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул демилге улуу мурас болгон «Манас» эпосун даңазалоого жана аны жаш муундарга кеңири жайылтууга багытталган.
Кыргыз улуттук “Манас” театрынан манасчылар Нурбек Талантбеков, Самат Көчөрбаев, Рысбай Исаков, Асанаалы Калил уулу, Үмөт, Замир Баялинов жана Талантаалы Бакчиев ак өргөөлөрдү алышканын тастыкташты. Манасчылар ишкер Нургалы Асаналиевге бата берип, чыгармачылык дараметин мындан ары да көтөрүүгө даяр экенин айтышкан.
Редактор
Редактор
Поделиться: