Жарнама

Жети манасчыга ак өргөөлөр расмий тапшырылды

04.12.25 | 17:08
Жети манасчыга ак өргөөлөр расмий тапшырылды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Жеке ишкер Нургалы Асаналиев тарабынан 7 манасчыга деп даярдалган ак өргөөлөр өз ээлерине расмий түрдө тапшырылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бул демилге улуу мурас болгон «Манас» эпосун даңазалоого жана аны жаш муундарга кеңири жайылтууга багытталган.

Кыргыз улуттук “Манас” театрынан манасчылар Нурбек Талантбеков, Самат Көчөрбаев, Рысбай Исаков, Асанаалы Калил уулу, Үмөт, Замир Баялинов жана Талантаалы Бакчиев ак өргөөлөрдү алышканын тастыкташты. Манасчылар ишкер Нургалы Асаналиевге бата берип, чыгармачылык дараметин мындан ары да көтөрүүгө даяр экенин айтышкан.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча