Таластагы мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
04.12.25 | 17:42
Талас шаарында 1999-жылы шаардык автобекетке тиешелүү 565 чарчы метр жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилгени аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура бүгүн, 4-декабрда билдирди.
Прокурордук чаралардын негизинде баасы 2 млн 697 миң 100 сомдук жер тилкеси кайра мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Редактор
Редактор
Поделиться: