Транспорт министрлиги Сокулуктагы мектептин тушуна жол чырак орнотуу маселеси боюнча түшүндүрмө берди
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Сокулук районунун тургундарынын мектептин тушуна жол чырак жана тиешелүү жол белгилерин орнотуу боюнча кайрылуусуна комментарий таратты.
Министрликтин маалыматына караганда, Бишкек–Кара-Балта автожолу (52,5 км) боюнча реконструкциялоо 2022-жылы толук аяктап, 2024-жылы дефекттик мөөнөт да жыйынтыкталган. Долбоордун алкагында жол белгилери, жарыктандыруу, аялдамалар, парапеттер, тротуарлар жана унаа токтотуучу жайлар орнотулган. Ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн 7 жер алдындагы өтмөк оңдолуп, 6 жаңы өтмөк курулган.
Видеодо айтылган мектептин тушуна жол чырак жана тиешелүү жол белгилери долбоор боюнча орнотулганы белгиленди.
Министрлик тургундардын кайрылуусун эске алып, маселени иликтөө үчүн тиешелүү мекемелер кирген атайын комиссия түзүлөрүн жана мониторингден кийин тиешелүү чечимдер кабыл алынарын кошумчалады.