Жарнама

Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар үчүн ыктыярдуу чыгып кетүү программасы ишке кирди

05.12.25 | 10:18
Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар үчүн ыктыярдуу чыгып кетүү программасы ишке кирди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореяда жарактуу визасы же иммиграциялык статусы жок жүргөн кыргызстандыктар 1-декабрдан 28-февралга чейин ыктыярдуу чыгып кетсе болот.

Бул чаранын алкагында өлкөдөн белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу чыгып кеткендерге айып пул жана кайра кирүүгө тыюу салуу чаралары колдонулбайт. Программа 2025-жылдын 1-декабрына чейин мыйзам бузган жарандарга тиешелүү. Бирок кылмыштуу аракеттерди жасагандарга же мажбурлап чыгарууга тийиш болгон адамдарга бул чаралар таандык эмес.

Министрлик мекендештерди аталган мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча