Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандыктар үчүн ыктыярдуу чыгып кетүү программасы ишке кирди
05.12.25 | 10:18
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Түштүк Кореяда жарактуу визасы же иммиграциялык статусы жок жүргөн кыргызстандыктар 1-декабрдан 28-февралга чейин ыктыярдуу чыгып кетсе болот.
Бул чаранын алкагында өлкөдөн белгиленген мөөнөттө ыктыярдуу чыгып кеткендерге айып пул жана кайра кирүүгө тыюу салуу чаралары колдонулбайт. Программа 2025-жылдын 1-декабрына чейин мыйзам бузган жарандарга тиешелүү. Бирок кылмыштуу аракеттерди жасагандарга же мажбурлап чыгарууга тийиш болгон адамдарга бул чаралар таандык эмес.
Министрлик мекендештерди аталган мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырды.
Редактор
Редактор
Поделиться: