Россияда Лабубу оюнчуктарынан уулуу зат табылды
Россияда сатылып жаткан Лабубу оюнчуктары сапат жана коопсуздук талаптарына текшерүүдөн өткөрүлүп, алардын бир үлгүсүндө уулуу диоктилфталат заты аныкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, жалпы 13 оюнчук үлгүсү 53 көрсөткүч боюнча текшерилген. Анын ичинде токсикологиялык, гигиеналык коопсуздук, этикеткалоо, кездеме жана тигиш сапаты сыяктуу критерийлер каралган. Үч этаптуу сыноо учурунда бир оюнчукта 2,9 мг/л диоктилфталат табылып, уруксат берилген чектен ашып кеткен.
Диоктилфталат, өзгөчө балдар жана кош бойлуу аялдар үчүн кооптуу. Ал гормоналдык жана репродуктивдик системага терс таасир берип, балдардын жыныстык өнүгүүсүнө таасир этиши мүмкүн. Ошондой эле узак мөөнөттүк колдонуу боор, бөйрөк ооруларына жана аллергияга алып келиши ыктымал.