Бишкектеги кафеде мушташ чыккан: Алты жигит кармалды
05.12.25 | 15:20
Бишкек шаарында кафелердин биринде чыккан мушташка катышы бар алты жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Окуя бүгүн, 5-декабрда саат 01:46да Юнусалиев көчөсүндөгү кафеде болгон. Факт Октябрь РИИБ тарабынан катталып, тергөөгө чейинки текшерүү башталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 21 жаштагы эки жаранга жана 19 жаштагы төрт жигитке карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү. Бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Редактор
Редактор
Поделиться: