Жарнама

БШК Аманкан Кенжебаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну карайт

05.12.25 | 15:56
БШК Аманкан Кенжебаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну карайт КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин бүгүн, 5-декабрда өтө турган жыйында кароого даярданып жатат. Жыйын саат 17:00дө башталат. Ошондой эле бир катар округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары талкууланат.

Эске салсак, Кенжебаев 3-декабрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал бул кызматка 30-ноябрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо жетиштүү добуш ала албагандан кийин бекитилген.

Депутаттыкка №19 округдан ат салышкан Кенжебаев автоматтык эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча 5-орунду алган. Ал эми бул округдан болгону 3 талапкер мандатка ээ болот.

Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, мурда да бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча