БШК Аманкан Кенжебаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну карайт
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Аманкан Кенжебаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин бүгүн, 5-декабрда өтө турган жыйында кароого даярданып жатат. Жыйын саат 17:00дө башталат. Ошондой эле бир катар округдар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары талкууланат.
Эске салсак, Кенжебаев 3-декабрда президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал бул кызматка 30-ноябрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо жетиштүү добуш ала албагандан кийин бекитилген.
Депутаттыкка №19 округдан ат салышкан Кенжебаев автоматтык эсептөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча 5-орунду алган. Ал эми бул округдан болгону 3 талапкер мандатка ээ болот.
Аманкан Кенжебаев Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты, мурда да бир катар жетекчилик кызматтарды аркалаган.