Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу жаралууда
08.12.25 | 11:07
8–10-декабрь күндөрү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бир катар тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргызгидромет кызматына шилтеме берип билдирди.
Кар көчкү түшүү коркунучу төмөнкү жол тилкелеринде күтүлөт:
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68–74-чакырымдарында, Чапчыма ашуусунда;
- Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0–3-чакырымдарында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65–110-чакырымдарында.
Ошондой эле ӨКМ жолдор тайгак болуп, муз тоңушу мүмкүн экенин эскертип, айдоочуларды аба ырайына жараша 500 метр аралыкты сактап жүрүүгө чакырат.
Жарандардан аба ырайынын шартына ылайык этият болуу жана коопсуздук чараларын сактоо талап кылынууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: