Жарнама

Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер чийиле баштады

08.12.25 | 14:10
Бишкекте коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер чийиле баштады КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилкелер уюштурулууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чара коомдук унаалардын кыймылын ылдамдатуу, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү жана жалпы жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртуу максатында көрүлүүдө.

Азырынча атайын бөлүнгөн тилке Иса Ахунбаев көчөсүндө — Жукеев Пудовкинден Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки аралыктан орун алды. Тилке сары түс менен белгиленип, айдоочулар үчүн ачык көрүнүштө чийилди.

Мэрия бул иштер шаардын башка көчөлөрүндө да уланарын билдирип, айдоочуларды белгиленген эрежелерди сактоого чакырууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча