Бишкек ЖЭБинин кампаларында 243 миң тоннадан ашык көмүр бар – мэрия
08.12.25 | 17:13
Бишкек Жылуулук электр борборунун кампаларында учурда 243 650 тонна көмүр топтолгон. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда шаар мэриясы билдирди.
Мэриянын маалыматына караганда, мындай көлөмдөгү катуу отун ЖЭБтин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга жетиштүү. Ал эми 2025–2026-жылдардагы күз-кыш жылытуу мезгилин толук камсыздоо үчүн жалпысынан 1 миллион 400 миң тонна көмүр талап кылынары белгиленди.
Мекеме кошумчалагандай, көмүр жеткирүү иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатат жана жылытуу мезгили аяктаганга чейин улантылат.
Редактор
Редактор
Поделиться: