Жарнама

Өзбекстанда Конституция күнүнө карата 615 жаранга ырайым берилди

09.12.25 | 09:24
Өзбекстанда Конституция күнүнө карата 615 жаранга ырайым берилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Өзбекстанда Конституциянын 33 жылдыгына байланыштуу 615 жаранга ырайым берилди. Бул тууралуу өлкөнүн басылмалары жазып, тиешелүү жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койгонун маалымдашты.

Маалыматка ылайык:

- 220 адам негизги жазадан толук бошотулду,  

- 123 жаран шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарылат,  

- 97 адамдын жазасы жеңил түрүнө алмаштырылды,  

- 175 адамдын жаза мөөнөтү кыскартылды.

Ырайымга илингендер арасында 9 чет элдик жаран, 29 аял, 60 жаштан ашкан 23 эркек, 264 жаштар (анын ичинде 2 жашы жете элек), ошондой эле тыюу салынган уюмдарга катышкандар бар.

Өкмөт органдарына ырайым берилген жарандарды коомго адаптациялоого, жумуш менен камсыз кылууга жана социалдык колдоого алуу боюнча тапшырмалар берилди.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча