Жарнама

Улуу Британияда mpox вирусунун жаңы штаммы аныкталды

09.12.25 | 11:44
Улуу Британияда mpox вирусунун жаңы штаммы аныкталды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Улуу Британиянын Саламаттык сактык коопсуздугу боюнча агенттиги (UKHSA) Англияда mpox (мурдагы аты — monkeypox) вирусунун жаңы штаммы аныкталганын маалымдады. Бул тууралуу Kazinform агенттиги Sky Newsка шилтеме берип кабарлады.

Маалыматка ылайык, вирус жакында Азиядан кайтып келген адамдан табылган. UKHSA жүргүзгөн геномдук изилдөө көрсөткөндөй, жаңы штамм mpox вирусунун эки ар башка подтипинин элементтерин камтыган рекомбинанттык форма болуп эсептелет.

UKHSA өкүлү, доктор Кэти Синка, вирус эволюциянын табигый көрүнүшү экенин белгилеп, кошумча изилдөөлөр анын кантип өзгөрөрүн аныктоого жардам берерин белгиледи.

Адистердин айтымында, mpox көп учурда жеңил формада өтөт, бирок айрым учурларда оору күчөп кетиши мүмкүн. Вакцинация оорунун күчөшүн алдын алуунун эң натыйжалуу жолу катары каралат.

Оорунун негизги белгилери: териде бүдүрлөр же жаралар, дене табынын көтөрүлүшү, баш жана булчуң оорулары.

Адистер mpox вирусунан коргонуу үчүн вакцина алуу жана жеке гигиенаны сактоо зарылдыгын эскертүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча