Жарнама

Японияда 7,6 баллдык жер титирөөдөн жабыркагандар 50гө жетти

10.12.25 | 10:20
Японияда 7,6 баллдык жер титирөөдөн жабыркагандар 50гө жетти КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

9-декабрда NHK телеканалы тараткан маалыматка ылайык, Япониянын түндүгүндө катталган күчтүү жер титирөөдөн улам жаракат алгандардын саны 50 адамга жетти. Алардын ичинен 36сы Аомори префектурасында, калган 14ү Хоккайдо жана Ивате префектураларында катталган.

Аомориде 11 имарат үйлөр, сарайлар жана кампалар жабыркаганы кабарланды.

Япония өкмөтү менен метеорологиялык агенттик Хоккайдо жана Санрику аймактарында дагы жер титирөө болушу мүмкүн экенин эскертип, тургундарды сак болууга чакырды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча