Тоолор асман менен кездешкен жерде: Чыйырчык ашуусунда MEGAдан байланыш пайда болду
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өз тармагын кеңейтүүнү жана мобилдик кызматтарды дагы да жеткиликтүү кылууну улантууда. Өлкөнүн эң кооз жана көп катталган маршруттарынын бири — Ош облусундагы Чыйырчык ашуусунда жаңы базалык станция орнотулду.
Чыйырчык ашуусу – Ош шаарынан 40 чакырым түштүк тарапта, 2400 метр бийиктикте жайгашкан бийик тоолууашуу. Ал көптөн бери аймактагы негизги туристтик жайлардын бири болуп эсептелет. Жайкысын бул жерде кымыз жана улуттук тамак-аштары бар жагымдуу кафелер ачылып, жергиликтүү тургундар жана меймандар пикниктерди жана майрамдарды уюштурушат. Кышында Чыйырчык ашуусу активдүү эс алуу борборуна айланат: бул жерде асма жол жана популярдуу тюбингдери бар лыжа базасы иштейт.
Эми бул кооз жерде MEGAдан ишенимдүү мобилдик байланыш жеткиликтүү. Жаңы базалык станция ошондой эле жыл бою жол кыймылын жана туристтерди ташуучу стратегиялык жактан маанилүү Ош-Эркештам жолунун бир бөлүгүн камтыйт. Байланыш ыңгайлуу баарлашууну гана эмес, жолдо жана тоодо коопсуздукту да камсыз кылат.
“Биз үчүн өлкөнүн тургундары жана меймандары кайсыл жерде болбосун, ар дайым байланышта болуусу маанилүү. Чыйырчыкка базалык станция орнотуу менен, биз негизги максатыбыз — бүткүл Кыргызстанды байланыш менен камсыздоо багытында дагы бир кадам жасадык”, - деп баса белгиледи MEGA компаниясынын өкүлдөрү.
Компания ири шаарларды да, өлкөнүн жетүүгө кыйын болгон булуң-бурчтарын да байланыш менен камтуу аркылуу өз тармагын ишенимдүү кадамдар мененкеңейтүүнү улантууда.
MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!
КР МБА лицензиялары: №14-1133-КР, №18-0326-КР, №18-0303-КР, №15-1446-КР, №16-0090-КР, №18-0261-КР