Британияда маймыл чечегинин жаңы штаммы аныкталды
Британиянын Саламаттыкты сактоо коопсуздугу агенттиги өлкөдө маймыл чечегинин (mpox) жаңы штаммы аныкталганын маалымдады. Маалыматка караганда, вирус бир адамдан табылып, ал жакында Азиядан кайтып келген.
Генетикалык изилдөөлөр жаңы үлгүдөгү вирустун курамында эки штамм — Ib жана IIb — бар экенин көрсөткөн. Адистер бул табылга вирустун өнүгүү багытын түшүнүүдө маанилүү экенин белгилеп, мындан аркы иликтөөлөр жүрөрүн билдирди. Америкалык эксперт Богума Титанжи мындай жыйынтык «адистер күтүп жаткан коркунуч болгонун» айткан.
Британиянын тиешелүү кызматтары жогорку коркунучтагы жарандарга жана бейтап менен байланышта болгон адамдарга mpox вакцинасы боюнча сунуштарды берүүнү улантууда.
Адистердин маалыматына караганда, маймыл чечегинин негизги белгилерине денедеги бүдүр, дене табынын көтөрүлүшү, баш ооруу, булчуң жана белдин оорушу кирет. Бүдүрлөр, адатта, ысытма башталгандан 1–5 күн өткөндөн кийин пайда болот. Вирус жыныстык катнаш, өбүшүү жана жакын физикалык байланыш аркылуу жугушу мүмкүн.