Таласта айыл башчысы жана жер адиси кармалды
10.12.25 | 13:18
Таластын Аманбаев айыл аймагынын башчысы жана жер адиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр республикалык бюджеттин эсебинен Бакайыр айылында 60 гектар жерге тамчылатып сугаруу системалары орнотулган. Шектүүлөр жеке кызыкчылыктарын көздөп, аталган жерди жакын туугандарына ижарага беришкен.
Мыйзамсыз аракеттерден мамлекетке 1 миллион 579 миң 980 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Шектүүлөр учурда Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө органдары бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган иштерди улантууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: