Жарнама

Таласта айыл башчысы жана жер адиси кармалды

10.12.25 | 13:18
Таласта айыл башчысы жана жер адиси кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Таластын Аманбаев айыл аймагынын башчысы жана жер адиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр республикалык бюджеттин эсебинен Бакайыр айылында 60 гектар жерге тамчылатып сугаруу системалары орнотулган. Шектүүлөр жеке кызыкчылыктарын көздөп, аталган жерди жакын туугандарына ижарага беришкен.

Мыйзамсыз аракеттерден мамлекетке 1 миллион 579 миң 980 сом өлчөмүндө зыян келтирилген. Шектүүлөр учурда Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө органдары бул ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган иштерди улантууда.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча