Чүй суу ресурстарынын башчысы коррупцияга шектелип кармалды
10.12.25 | 13:48
"Чүй суу ресурстарынын бассейн башкармалыгы" мамлекеттик мекемесинин 60 жаштагы башчысы коррупцияга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат иликтөө учурунда 2022–2024-жылдары Жайыл районундагы Петропавловск каналын капиталдык оңдоо иштеринде мамлекетке 12 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилгенин аныктаган.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: