Жарнама

Балыкчыда унаадан семичкелерди уурдаган шектүү кармалды

10.12.25 | 16:39
Балыкчыда унаадан семичкелерди уурдаган шектүү кармалды КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Балыкчы шаарында унаанын ичиндеги ири көлөмдөгү семичкаларды уурдады деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Балыкчы ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-декабрда 1992-жылы туулган К.Р. аттуу жаран милицияга кайрылып, үйүнүн алдында токтоп турган Audi-100 үлгүсүндөгү унаасынан «Джин» фирмасына таандык көп сандагы күн карама семичкалары уурдалып кеткенин билдирген.

Милиция келтирилген материалдык чыгымдын көлөмүн 9 812 сом деп баалады. Факт каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул уурулукка шектүү катары мурда соттолгон, Балыкчы шаарынын 1985-жылы туулган С.М. аттуу тургуну кармалган. Мындан тышкары, ал башка дагы алты кылмышка тиешеси бар экени аныкталган.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча