Бишкектеги №91 мектепке бомба коюлду деген билдирүү жалган чыкты
10.12.25 | 16:49
Бүгүн, 10-декабрда болжол менен саат 13:30дар чамасында Бишкек ШИИББинин «102» кызматына №91 орто мектептин аймагына бомба коюлду деген билдирүү келип түшкөн.
Окуя тууралуу маалымат алынары менен Октябрь райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу дароо мектепке жөнөп, аймак толук курчоого алынды. Милиция кызматкерлери окуучулар менен мугалимдерди коопсуздук максатында эвакуациялашкан.
Райондук милициянын басма сөз кызматынын билдиришинче, окуя болгон жерге кинологдор чакырылып, мектеп имараты жана анын айланасы текшерүүдөн толугу менен өткөрүлгөн. Жыйынтыгында шектүү буюмдар табылган эмес.
Окуя боюнча текшерүү иштери уланууда.
Редактор
Редактор
Поделиться: