Австралия 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарды колдонууга тыюу салды
Австралия 16 жашка толо элек балдарга социалдык тармактарды колдонууга расмий түрдө тыюу салган дүйнөдөгү алгачкы өлкө болду. Бул тууралуу бир катар чет элдик басылмалар кабарлады.
Жаңы мыйзамга ылайык, 16 жашка чейинки балдар TikTok, YouTube, Instagram, Facebook баштаган жалпы 12 социалдык платформага кире албайт. Эрежени бузган компаниялар 33 миллион долларга чейин айып пул төлөшү мүмкүн.
Австралиянын премьер-министри мыйзамдын күчүнө киргенин жарыялап, ата-энелер жана балдар үчүн видео кайрылуу жасады.
“Окуучулар каникулдарын пайдалуу өткөрүшү керек. Телефонго убакыт короткондун ордуна спорт менен машыгып, музыкалык аспаптарды үйрөнүп же китеп окушсун”, — деди өлкө башчысы.
Маалыматка караганда, жаңы талаптарды социалдык тармактардын дээрлик бардыгы колдоп, аларды аткарууга даяр экенин билдиришкен. Бир гана X (мурунку Twitter) платформа бул чечимге макулдугун бере элек.