Конституциялык сот президенттин өлүм жазасы боюнча мыйзам долбооруна корутунду даярдоону карай баштады
Конституциялык сот бүгүн, 10-декабрда саат 10:00дө президент Садыр Жапаровдун “Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча корутунду берүү сунушун кароого киришкенин билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөртүү Башмыйзамдын 25-беренесинин 1-бөлүгүнө тиешелүү. Анда балдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү өзгөчө оор кылмыштарга, ошондой эле зордуктоо менен коштолгон өлтүрүү үчүн жазалоонун өзгөчө чарасы катары өлүм жазасын кайра киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Конституциялык сот бул категориядагы иштерди жазуу жүзүндөгү тартипте карай турганын белгиледи.
“Президенттин корутунды берүү жөнүндөгү сунушу соттук талаш-тартыш мүнөзүндө эмес жана тараптардын катышуусун талап кылбайт”, — деп айтылат мекеменин маалыматында.
Буга чейин Конституциялык сот өлкө башчынын сунушун кароого кабыл алганын маалымдаган.
Белгилей кетсек, өлүм жазасын кайра киргизүүнү караган мыйзам долбоору октябрда коомдук талкууга чыгарылган. Учурдагы Конституция өлүм жазасын толугу менен тыюу салат.