Жарнама

Түп районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

11.12.25 | 09:25
Түп районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ысык-Көл облусунун Түп районунда аба ырайынын начарлашына байланыштуу өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк кабарлады.

Маалыматка ылайык, тиешелүү кызматтар менен жарандык коргонуу бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

Райондо жол тазалоо иштери жүргүзүлүп, инженердик жана энергетикалык системалардын үзгүлтүксүз иши камсыздалууда. Кооптуу аймактар тыкыр көзөмөлдөнүп, калкка керектүү маалыматтар жеткирилүүдө. Ошондой эле медициналык кызматтар да зарыл учурда жардам көрсөтүү үчүн күчөтүлгөн режимге өткөн. Кырдаал райондук администрация жана жарандык коргонуу органдары тарабынан тынымсыз көзөмөлдөнүүдө.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча