Жарнама

Таласта кооптуу трюктарды жасаган айдоочу кармалып, унаасы айып короого коюлду

11.12.25 | 10:51
Таласта кооптуу трюктарды жасаган айдоочу кармалып, унаасы айып короого коюлду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

ВАЗ 21144 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна автоээнбаштыкка барганы үчүн 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Талас облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 10-декабрда санарип кырдаал борборуна туташтырылган видеокөзөмөл аркылуу Бакай-Ата айылында жол коопсуздугун одоно бузган айдоочу аныкталып, унаасы айып короого токтотулган.

ЖКККБ тараткан видеодон бир нече жигиттин унаанын артына жабышып сүйрөлүп кеткенин, айрымдары унаанын капталына чыгып алышканын көрүүгө болот. Айдоочунун мындай автоээнбаштык аракетине байланыштуу административдик протокол түзүлүп, ага 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча