Таласта кооптуу трюктарды жасаган айдоочу кармалып, унаасы айып короого коюлду
11.12.25 | 10:51
ВАЗ 21144 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна автоээнбаштыкка барганы үчүн 15 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Талас облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, 10-декабрда санарип кырдаал борборуна туташтырылган видеокөзөмөл аркылуу Бакай-Ата айылында жол коопсуздугун одоно бузган айдоочу аныкталып, унаасы айып короого токтотулган.
ЖКККБ тараткан видеодон бир нече жигиттин унаанын артына жабышып сүйрөлүп кеткенин, айрымдары унаанын капталына чыгып алышканын көрүүгө болот. Айдоочунун мындай автоээнбаштык аракетине байланыштуу административдик протокол түзүлүп, ага 15 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Редактор
Редактор
Поделиться: