Эскертүү! Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт
11.12.25 | 11:59
Жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну жана кооптуу жагдайга туш болсоңуз "112" номуруна байланышуу керек экенин эскертет.
Редактор
Редактор
Поделиться: