Түп жана Ак-Суу райондорунда абал туруктуу, жолдор ачык
Түп жана Ак-Суу райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген эмес. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда Балыкчы — Ананьево — Каракол, Түп — Кеген, Михайловка — Николаевка — Токтоян унаа жолдору ачык. Кардан тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, жалпы 8 техника жолдорду калыбына келтирүүдө.
Ички чарбалык жолдорду тазалоо иштерине Түп айыл аймагынан 4 техника, Ысык-Көл айыл аймагынан 5, Балбайдан 4, Карасаевден 3, Каркырадан 4 техника, жалпы 28 техника тартылган.
Ак-Суу районунда абал туруктуу болуп, унаа жолдору ачык. Бирок 10-декабрда Ак-Суу — Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында үч жерден кар көчкү түшүп, каттам убактылуу токтотулган. Кар көчкү коркунучу сакталганы үчүн унаа жолунун 38–112-чакырымы 12-декабрга чейин жабылган. Учурда жерине техникалар тартылып, жолдорду калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.