Ош шаарында унаа сүзгөн мектеп окуучусу каза болду
11.12.25 | 15:23
Ош шаарында мектеп окуучусун Honda Fit үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, өспүрүм каза болду. Маалыматты бүгүн, 11-декабрда шаардык кайгуул кызматынан тастыкташты.
Окуя 9-декабрда Раззаков көчөсүндө болгон. Ал жолдон өтүп бара жаткан 2010-жылы туулган Д.К. аттуу мектеп окуучусун унаа сүзүп кеткенин билдиришти.
Honda Fit унаасын башкарган 1973-жылы туулган А.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаа айып короого токтотулду.
Редактор
Редактор
Поделиться: