Жарнама

Ош шаарында унаа сүзгөн мектеп окуучусу каза болду

11.12.25 | 15:23
Ош шаарында унаа сүзгөн мектеп окуучусу каза болду КООМ ПРЕСС - Кыргызстан жаңылыктары, Жаңылыктар, Кабарлар, Окуялар, Бишкектин жаңылыктары, Күндүн жаңылыктары

Ош шаарында мектеп окуучусун Honda Fit үлгүсүндөгү унаа сүзүп кетип, өспүрүм каза болду. Маалыматты бүгүн, 11-декабрда шаардык кайгуул кызматынан тастыкташты.

Окуя 9-декабрда Раззаков көчөсүндө болгон. Ал жолдон өтүп бара жаткан 2010-жылы туулган Д.К. аттуу мектеп окуучусун унаа сүзүп кеткенин билдиришти.

Honda Fit унаасын башкарган 1973-жылы туулган А.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Унаа айып короого токтотулду.

Редактор
Редактор
Поделиться:
Жарнама
© Koom Press 2026
Соңку кабарлар
Коом
Саясат
Экономика
Дүйнөдө
Атайын долбоорлор
Сурамжылоо
Биз жөнүндө
Байланыштар
Вакансия
Купуялык саясаты
Бардык суроолор боюнча