Ихтияр Нишонов Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынды
12.12.25 | 09:31
Дубай шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Ихтияр Нишонов коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Бокс федерациясы маалымдады.
71 кг салмак категориясында беттешкен Нишонов жарым финалда казакстандык Айблайхан Жусупов менен күч сынашып, атаандашына аз упай айырма менен утулуп калды. Натыйжада кыргызстандык мушкер чемпионаттын коло байгесине татыды.
Мелдештин мурдагы этаптарында Нишонов өз мүмкүнчүлүгүн толук көрсөтүп, Австралия жана Таиланддын спортчуларын нокаут менен жеңген. Ошондой эле ал Молдованын өкүлүн утуп, жарым финалга жол ачкан.
Бул Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын дагы бир өкүлү — Омар Ливаза (63,5 кг) финалга чыкканы кабарланууда. Ал баш байге үчүн ат салышат.
Редактор
Редактор
Поделиться: