Жарандык активист Айбек Теңизбай 48 саатка камакка алынды
Жарандык активист Айбек Теңизбай УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу «Азаттык» агенттиги анын жактоочусу Жаныш Бараковго таянып кабарлады.
Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен айып тагылган.
Жактоочунун айтымында, кылмыш иши лингвистикалык экспертизанын негизинде козголгон. «Тергөөчү бизге экспертизанын корутундусун таанышууга берди. Анда Теңизбаевдин YouTube’дагы жана социалдык тармактардагы билдирүүлөрү каралып, «кастыкты козутуу белгилери бар» деп белгиленген. Ошонун негизинде кылмыш иши башталган», — деди Бараков.
Бөгөт чарасы 12-декабрда Октябрь райондук сотунда каралары күтүлүүдө.
Маалыматка ылайык, активист 11-декабрда Чүй облусунун Кой-Таш айылындагы үйүндө кармалган жана үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн.
Айбек Теңизбай YouTube каналында бир нече саясатчылар менен маек курган. Анда ал сөз эркиндиги боюнча суроолорду узатып келет жана социалдык тармактардагы баракчасында бийликке байланыштуу сын постторду жарыялайт.