УКМК жарандык активист Айбек Теңизбай тууралуу маалымат таратты
Жарандык активист Айбек Теңизбай 11-декабрда Чүйдүн Кой-Таш айылындагы үйүндө кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү да белгиленди.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактардагы улуттар аралык мүнөздөгү чагымчыл билдирүүлөрдү жазган авторго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынан эксперттик корутунду алынган. Анда Т.А. тарабынан социалдык тармактарда жарыяланган материалдарда улуттар аралык кастыкты козутуунун белгилери аныкталган.
Мындан улам, Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, билдирүүнүн автору Т.А. тергөө абагына камакка алынган. Учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары уланууда.
Айбек Теңизбай YouTube каналында бир нече саясатчылар менен маек курган жана сөз эркиндиги тууралуу суроолорду узатып келет. Ал ошондой эле социалдык тармактардагы баракчасында бийликтин айрым иштерин сындаган постторду жарыялап турат.
Бүгүн, 12-декабрда активист 48 саатка камакка алынганы маалым болду.