Мамлекеттик кызматкерлер үчүн Жаңы жылдык эс алуу 12-январга чейин узартылышы мүмкүн
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн Жаңы жылдык эс алууну 12-январга чейин узартуу сунушталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иштеп чыккан токтом долбоорунда айтылат. Документ коомдук талкууга коюлду.
Долбоорго ылайык, 8-9-январдагы иш күндөрү тиешелүүлүгүнө жараша 7-февраль жана 25-апрель даталарына жылдырат. Ал эми 10-11-январь дем алыш күндөрүнө туш келет.
Министрлик бул сунушту үч негизги өбөлгө менен түшүндүргөн
- Жаңы жылдан кийин сасык тумоо жана вирустук инфекциялар күчөйт, ошондуктан кошумча эс алуу оорунун жайылышын азайтууга жардам берет;
- Окуучулардын каникулу 12-январга чейин созулгандыктан, ата-энелерге балдары менен бирге эс алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт;
- Январдын алгачкы эки жумасында кышкы туристтик сезон күчөйт, демек каникулду узартуу чакан жана орто бизнеске кошумча киреше алып келиши мүмкүн. Ошондой эле бул мезгилде энергетикалык жүктү азайтууга салым кошору белгиленген.
Токтом долбоорунун негиздеме-маалымкатында жактырылса, каникулду узартуу мамлекеттик мекемелердин ишин оптималдаштырууга, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү жакшыртууга жана калктын ден соолугун чыңдоого көмөктөшөрү белгиленип, мындай чечим «олуттуу бюджеттик чыгымдарды талап кылбайт» деп көрсөтүлгөн.