Зеленский Украинада шайлоо өткөрүү үчүн ок атышууну токтотууну сунуштады
Украина президенти Владимир Зеленский АКШ талап кылып жаткан президенттик шайлоо өтүп жаткан убакта өлкөдө ок атышууну токтотуу режимин киргизүү мүмкүнчүлүгүн сунуштады. Бул тууралуу ал 11-декабрда “каалоочулардын коалициясы” аттуу онлайн-жыйында сүйлөп жатып билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен каалаган форматта иштөөгө даяр экенин айтып, мындай деди:
“Эгер президент Трамп Украинадагы шайлоолор жөнүндө көбүрөөк айтып жатса, мен айткым келет: мүмкүнчүлүк бар жерде биз шайлоо өткөрүүгө аракет кылсак болот. Украина демократиядан качпайт”.
Ал президенттик шайлоо өткөрүү коопсуздук толук камсыздалганда гана мүмкүн болорун белгилеп, бул багытта Америка маанилүү роль ойной аларын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Дональд Трамп 9-декабрда Politico басылмасына маек берип, “Украинада президенттик шайлоо өткөрүүгө убакыт келди” деп билдирген. Ошол эле күнү Зеленский да АКШ жана Европа коопсуздукту камсыздап берсе, 60–90 күндүн ичинде шайлоо уюштурууга даяр экенин айткан.