Эртең өлкө боюнча кар жаайт, Ысык-Көл менен Нарында жаан-чачын күтүлбөйт
12.12.25 | 17:40
Синоптиктер билдиргендей, 13-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт. Ал эми Ысык-Көл жана Нарын облустарында жаан-чачын болжолдонбойт.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
- Чүй өрөөнү: түнкүсүн -1 ... +4, күндүз +7 ... +12
- Талас жергеси: түнкүсүн -1 ... +4, күндүз +4 ... +9
- Баткен, Ош, Жалал-Абад: түнкүсүн 0 ... +5, күндүз +10 ... +15
- Ысык-Көл: түнкүсүн 0 ... -5, күндүз +4 ... +9
- Нарын: түнкүсүн -10 ... -15, күндүз -2 ... +3
- Бишкек: түнкүсүн +2 ... +4, күндүз +7 ... +9
ӨКМ жарандарды аба ырайына ылайык кийинип, катуу шамал учурунда сак болууга чакырат.м
Редактор
Редактор
Поделиться: