Бишкек милициясы улгайган аялга кол салууга аракет кылган кишини аныктады
15.12.25 | 10:28
Социалдык тармактарда улгайган аялга карата зомбулук көрсөтүүгө аракет жасалган учур тартылган видео тараганды. Анда белгисиз эркек киши аялды ур-токмокко алууга аракет кылганы көрүнөт.
Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан каттоого алынып, тиешелүү текшерүү иштери башталган. Бул тууралуу 15-декабрда райондук милициянын басма сөз кызматы маалымдады.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал 1989-жылы туулган Ч.С. экени белгилүү болду. Ага карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча административдик протокол түзүлдү.
Соттун чечими менен кармалган жаран үч суткага административдик камакка алынды.
Редактор
Редактор
Поделиться: